Бүгүн Иракта бир нече жардыруу болуп, набыт болгондордун саны болжол менен 40ка жетти, 180 адам жарадар болду. Киркук жана Кербел шаарларында полициянын автоунааларына жабыштырылган миналар жарылды. Терракт көбүнесе шийиттер жашаган кварталдарда орун алды. Азырынча бул чабуулга эч ким жоопкерчиликти ала элек, бирок соңку айларда Иракта «ал-Кайида» менен байланыштагы суннит экстремисттердин аракеттери күчөдү.