Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Коомдук каналдын Байкоочу кеңешине талапкерлер меморандум кабыл алышат


Кыргызстандын Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешине талапкерлерге атайын меморандумга кол коюу сунушталат. Бул тууралуу Жалпыга маалымдоо каражаттар боюнча коомдук палатанын жетекчиси Гүлнура Төралиева билдирди. Анын айтымында, талапкерлердин бул меморандумга кошулушу менен алардын алдына бир катар милдеттер коюлат. Бул милдеттерде жеке жана кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн КТРКны пайдаланууга, жең ичинен саясат жүргүзүүгө жол бербөө кепилдиги камтылганы айтылууда.

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстандагы мамлекеттик телерадиокорпорация коомдук каналга айланган. Анын жетекчиси мурдагыдай өлкө президенти тарабынан эмес, Байкоочу кеңеш тарабынан тандалат. Байкоочу кеңештин курамындагы 15 киши президенттин, парламенттин жана жарандык коомдун бештен өкүлүнөн тандалат. (RK)

XS
SM
MD
LG