Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Бишкекте казак айкелчисинин "Эркиндик" көргөзмөсү өтөт


Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде белгилүү казак айкелчиси Еркин Мергеновдун "Эркиндик" атуу көргөзмөсү өтөт. Казакстандын эл сүрөтчүсү, педагог жана коомдук ишмер Еркин Мергеновдун эмгектери коюлган жеке көргөзмөлөр Орусияда, Украинада уюштурулган, Москвадагы Третьяков галереясына коюлган жана бир катар чет мамлекеттердеги жеке коллекцияларга сатылган. Бишкекте анын айкелдери коюлган көргөзмө мындан 32 жыл мурда өткөрүлгөн. Көргөзмө 27-марттан 14-апрелге чейин өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG