Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Кыргызстан ЕККУдан шайлоону жакшыртууга жардам сурады


Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан (ЕККУ) шайлоо комиссия мүчөлөрүн окутууга жана шайлоочулар тизмесин тактоого, бул үчүн заманбап технологияларды пайдаланууга жардам күтөт. Бул тууралуу президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюро директору Янез Ленарчич менен жолугушууда билдирди. Сатыбалдиевдин айтымында учурда Кыргызстандын шайлоо системасында шайлоочулардын тизмеси боюнча көйгөй жана шайлоо участокторунун кызматкерлеринин даярдыгы начар болгону орчундуу проблемага айланууда.

ЕККУ өкүлү Кыргызстандагы сот жана мамлекеттик түзүлүш реформасы боюнча жасалып жаткан аракеттерге жогору баа берип, соңку президенттик шайлоо ачык, эркин өткөнүн айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG