Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Лавров: Орусия БУУнун Сирия боюнча резолюциясын колдойт


Бириккен Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Сирия боюнча Арап лигасы менен Бириккен Улуттар уюмунун чабарманы Кофи Аннандын сунушу боюнча даярдалган резолюцияны Орусия колдоого даяр. Бул тууралуу Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал Сириядагы оор кырдалды эске алып “сунниттер менен шииттердин тирешүүсүнө сырттан көз салуу туура эмес" экенин айтты. Министр айрым маалымат каражаттарында айтылган “Сириянын Тартус портунда орусиялык кемелер пайда болду” деген маалыматты төгүндөдү.

XS
SM
MD
LG