Бишкек - Ош жолу убактылуу жабылганына байланыштуу Бишкектен Ошко карай учак рейстеринин саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, «Кыргызстан», «АТС», «Эйр Бишкек» аба компаниялары зарыл учурда Бишкек - Баткен, Бишкек - Жалал-Абад каттамдары боюнча кошумча рейстерди уюштуруп берүүгө даяр. Бул компаниялар Ошко чейин билет баасын 2 400 сомдон өйдө көтөрбөөгө да макул болууда.
Бишкек - Ош жолу кар көчкү коркунучу күчөгөндүктөн өзгөчө буйрук болгонго чейин 24 саат бою жабылды. Соңку беш күндө кар көчкүдөн каза болгондордун саны тогузга жетти. (KKs)
Бишкек - Ош жолу кар көчкү коркунучу күчөгөндүктөн өзгөчө буйрук болгонго чейин 24 саат бою жабылды. Соңку беш күндө кар көчкүдөн каза болгондордун саны тогузга жетти. (KKs)