Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскарбек Сагынбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушул тапта облуста кар, сууктан улам айдоо иштери башталбай турат. Мындан тышкары Ош, Жалал-Абад облустарында айдап-себүү иштери 20 күнгө, Чүйдө 15 күнгө кечигүүдө. Натыйжада кылкандуу дан эгиндерин жана кызылча, пахта өңдүү техникалык өсүмдүктөрдү себүү мөөнөтү өтүп кетүү коркунучунда турат. (KKs)