Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленүүдө


Кыргызстан Борбор Азиядагы бир катар өлкөлөр сыяктуу Нооруз майрамын белгилөөдө. Бүгүн Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда майрамдык иш-чара өтөт. Майрамдык салтанаттар республиканын бир катар аймактарында уюштурулат. Бул жылы Бишкек четиндеги Маевка айылында улуттарды ынтымакка чакырган шерине өтөт.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, Нооруз майрамынын тарыхы биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарга барып такалат. Бул майрам ошол доордо жашаган зороастризм дининин негиздөөчүсү Заратуштранын диний көз карашына байланыштуу болгону айтылат.

Нооруз сөзү фарс тилинин “ноу” – жаңы, “рузи” – күн (жыл) деген сөздөрүнөн келип, “жаңы күн” деген маанини берет. Жаздын келишин, жаратылыштын жанданышын символ кылган бул майрамдын мекени - Иран мамлекети. Кыргыздарда бул күнү сүмөлөк, көжө сыяктуу эзелтен келаткан тамак-аштар жасалат, конок күтүлөт, “аластоо” сыяктуу ырымдар жасалып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG