Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Путин Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү даярдыгын арттырууга үндөдү


Кечээ кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Москвадагы сапарынын алкагында Орусиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путин менен жолукту. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, жолугушууда Путин Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү даярдыгын арттыруу жагын караштырууга үндөдү. Мындан тышкары кыргыз-орус дипломатиялык мамилелерине 20 жыл толгонун белгилеп, эки өлкө ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгын кошумчалады.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев 19-мартта ЕврАзЭШтин саммитине катышуу үчүн Москвага сапар алган. Сапардын алкагында Бажы биримдигине кирген Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен да сүйлөшүү өткөрдү. Кыргызстандык делегация бүгүн түнү Бишкекке кайтып келди. (KJ/KKs)

XS
SM
MD
LG