Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Жалал-Абадда Нооруз майрамы театрдын ичинде өттү


Аба ырайына байланыштуу мурда пландаштырылып калгандыктан быйыл Жалал-Абад шаарындагы Нооруз майрамына арналган негизги иш-чара Барпы атындагы театрдын ичинде өттү. Ага губернатордун милдетин аткаруучу Азизбек Турсунбаев катышып, элди куттуктады. Майрамдык иш-чара Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда да болду. Учурда шаарда аба ырайы жакшы, күн ачык. Шаардын тургундары борбордук аянтта сейилдеп жүрүшөт. Жылда облус жана шаар жетекчилиги жалалабаттыктарды шаардын борбордук аянтында уюштурулган оюн-зоок иш-чарасына катышып, куттукташчу. Быйыл Кыргызстанда март айы катаал болуп, тынбай жааган кардан кийин бүгүн гана күн ачылды. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG