Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Баткенде сууктун айынан миңден ашуун мал өлдү


Баткенде аба ырайынын кескин катаалдашы миңден ашуун мал жаныдыктын көтөрүм болуп өлүшүнө алып келди. Бул тууралуу облустук акимчиликтин агрардык өнүгүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнөн билдиршти. Облус аймагында кыштын узакка созулуп, акыркы учурда күндүн суук болушу менен жем-чөптүн тарыштыгы пайда болду. Натыйжада 303 баш уй, 1270 майда мал жандык жана 214 жылкы өлдү. Малчыларга жардам берүү үчүн облустук акимчилик өкмөткө кайрылуу жолдогон. Бирок азырынча жооп боло элек. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG