Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

Кадамжай жана Токтогулда кайрадан кар көчкү жүрдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 21-мартта түштөн кийин Баткендин Кадамжай районунун Аустан айылынан эки чакырым алыстыктагы жолду кар көчкү бууп калды. Натыйжада Майдан, Үчкоргон, Масалиев айыл округунун жайлоолоруна каттоо жолу жабылган. Ал жакта Тегирмеч, Сурма таш, Теңизбай, Марал жана Кичи тамчы жайлоо конуштары бар. Айыл башчынын айтуусу боюнча, бул конуштарда болжол менен 60ка жакын адам жашайт. Кар көчкүдөн адам өмүрүнө жана турак үйлөргө зыян келген жок. Ошондой эле кечээ Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Торкент-Толук унаа жолунда да кар көчкү жүрдү. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG