Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өтөт


Бүгүн Бишкекте биринчи жолу бильярд боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Уюштуруучулар “Азаттыкка” билдиришкендей, бул чемпионатка дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 128 спортчу катышканы жатат. Мелдештин байге фонду 30 миң долларды түзөт. Мындай мелдеш кыргызстандык спорчту Каныбек Сагынбаев бир нече жолу дүйнө чемпиону аталып, кыргыз бильярдчылар төрт жолу финалга чыккандыктан Бишкекте өткөрүлүп жатат. 22-24-март күндөрү Бишкектеги “Кондор”, “Тагай бий” бильярд клубдарында тандоо туру өтөт. Финал 25-мартта Спорт ордосунда уюштурулат. (KKs)

XS
SM
MD
LG