Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Чехияда мурдагы президенттин ысымы өлкөнүн башкы аэропортуна берилет


Чех өкмөтү маркум Вацлав Гавелдин ысымын Праганын эл аралык аэропортуна ыйгаруу чечимине коомчулуктун кысымы астында келди. Өлкөнүн транспорт министри Павел Добeш аэропорттун атын расмий түрдө быйыл 5-октябрда Гавелдин туулган күнүндө алмаштырууну сунуштады.

Башында өкмөт бул сунушка терс мамилесин билдирген, бирок Интернет аркылуу кол топтоо жөрөлгөсү учурунда Гавелдин ысымы Праганын аэропортуна берилишин 82 миң адам жактады.

Мурдагы диссидент жана драматург Вацлав Гавел 1989-жылкы “Баркыт ыңкылабын” жетектеп, 1992-жылга чейин Чехословакиянын, 1993-2003-жылдары Чехиянын президенти болгон. Ал былтыр декабрда 75 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. (UE)

XS
SM
MD
LG