Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

Бакиевдин Кыргызстанга берилишин талап кылган пикет өтүүдө


Бишкекте Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында жарандык активист, "7-апрел" кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдун нааразылык акциясы өтүп жатат. Ал "Бакиевди бергиле же өзүңөр кеткиле!" деген жазуу менен турат. Токтонасыровдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, "Беларус Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бермейинче апрел окуясы боюнча күнөөлүүлөр жоопко тартылбайт, бул маселе чечилбейт".

Ушул эле талап менен пикет Беларус элчилигинин алдында 15-мартта да өткөн болчу.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте бийликтин саясатына нааразылардын акциясы учурунда токсондой кишиге ок атылган. Өлкөнү жетектеп турган Курманбек Бакиев ошол күнү өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Учурда ал Беларуста жашайт деген маалымат бар. Курманбек Бакиев апрел окуясы боюнча сыртынан соттолууда. 2010-жылдын күзүндө башталган бул сот жараяны түрдүү себептерден улам аягына чыга элек. Бакиев өзү апрелдеги кандуу окуя үчүн күнөөсү жок экенин айтып, бул үчүн ошол кезде бийликке келген убактылуу өкмөт жооптуу экенин айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG