Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Кыштоодон келатып жоголгон Бахрамовду издөө убактылуу токтоду

Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн аймагында Айбек Бахрамовду издөө иштери убактылуу токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, аны издөө кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу токтоду.

19-мартта Кара-Күңгөй айылынын Көл-Камыш чегинде кар көчкү жүрүп, кыштоодон мал айдап келе жаткан Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын тургуну 1984-жылы туулган Бахрамов Айбек кар көчкүнүн астында калып кеткени айтылууда.

17-20-мартта Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар көчкү тогуз адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын төртөө 6-12 жаштагы балдар. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG