Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

АКШнын азиялык калкынын саны ыкчам өсүүдө


Бул тууралуу АКШнын Эл каттоо боюнча бюросу билдирди. Анын маалыматына караганда, 2010-жылкы эл каттоо өзүн азиялык деп атагандар мурдагы он жылдыкка салыштырмалуу 43,3 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Бул АКШнын жалпы калкынын өсүү ыргагынан төрт эсеге көптүк кылат. Акыркы он жылдыкта АКШ калкынын саны 9,7 пайызга көбөйгөн.

АКШнын статистикалык документтеринде азиялык деп теги Ыраакы Чыгыштан, Түштүк-чыгыш Азиядан же Индия субконтинентинен болгондор аталат.

Азиялык элдердин саны акыркы декадада эң көп Невада (116%), Аризона (95%), Түндүк Каролина (85%) штаттарында көбөйгөн.

АКШдагы азиялыктар ичинен 4 миллионго жеткен кытайлар эң чоң жамаат, андан кийин 3,4 миллион келген филиппиндер, 3,2 миллион деп эсептелген индиялыктар турат. (UE)

XS
SM
MD
LG