Ири өлчөмдөгү курал соодасы менен алектенген Виктор Буттун иши боюнча өкүм адегенде 12-мартта, андан кийин 28-мартта жарыяланары белгиленген эле. Бирок АКШнын соту кечээ өкүмдү угузууну 5-апрелге жылдырды. Судья өз кадамын иштин “олуттуулугуна жана татаалдыгына" байланыштырды.
Виктор Бутка бир нече, анын ичинде курал-жаракты террорчул уюмга сатуу, америкалыктарды өлтүрүү максатында кутумга баруу деген айып коюлган. Ал бери дегенде 25 жылга, балким өмүр бою түрмөгө кесилүүсү мүмкүн. (UE)