Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

АКШ Сирияны БУУ колдогон план боюнча кызматташтыкка чакырды


Коопсуздук кеңешинин шаршембиде жактырылган билдирүүсүндө БУУнун жана Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы Кофи Аннандын бул өлкөдөгү кан төгүүнү токтотуу, саясий диалогду тездетүү жана муктаждарга гуманитардык жардам берилишин камсыздоо боюнча планына колдоо көрсөтүлдү.

Билдирүүдө эгер жылыш болбосо, “кийинки кадамдар” жасалары да эскертилет. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Вашингтондогу басма сөз жыйында буларды белгиледи:

- Президент Асадга жана анын режимине биз эл аралык жамаат менен бирдикте ушул багытка түшкүлө, аткаргыла, болбосо кысымдын жана изоляциянын күчөшүнө туш болосуңар деп айттык.

Батыштык дипломатиялык булактардын айтымында, Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө Орусия менен Кытайдын колдоосуна жетишүү үчүн билдирүүнүн тексти бир топ жумшартылды.

Москва менен Бээжин буга чейин Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча эки резолюциясынын долбооруна вето салган болчу.

Орусия билдирүүдө президент Асадга ультиматумдар коюлбаш керектигин бул ирет да айткан.

Ал эми бул жолу Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүн колдогон Кытайдын БУУдагы элчиси Асадды кыянатчылыктарды тезинен токтотууга үндөдү.

БУУнун эсебинде, Асадга каршы бир жылдан бери уланып жаткан козголоңдо Сирияда 8000ден ашун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG