Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Дароот-Коргондо эл Кытайдан Тажикстанга каттаган унаа жолду бууп турат


Ушу тапта Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында үч жүздөй киши катышкан нааразылык акция өтүп жатат. Жергиликтүү эл кыштын узак жана суук болгонунан отун-суусуз, малы тоютсуз калганына байланыштуу өкмөттөн гуманитардык жардам талап кылып турганын "Азаттыкка" райондун жаштар кеңешинин төрагасы Алтымыш Акимов кабарлады. Анын айтымында, эл өкмөт жетекчилигинин жана учурда Ошто иш сапар менен жүргөн парламент башчысы Асилбек Жээнбековдун келишин талап кылууда.

Митингчилер Дароот-Коргон аркылуу Кытайдан Тажикстанга каттаган машиналарды өткөрбөй, жолду бууп турушат. Акимовдун айтымында, быйылкы кыш Чоң-Алайда дээрлик беш айга созулуп, эл абдан кыйналып жатат. Жааган кардын калыңдыгы бир метрден ашканы, бир түк чөптүн баасы 500-600 сом болуп жатканы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG