Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Беш-Күңгөйдө жер талашкандар унаа жолду буушту


Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн Беш-Күңгөй айылында бүгүн эртең менен жер талашкан эки тараптын өкүлдөрү Бишкекке каттаган жолду бир нече саат бууп турушту. Ал жерде жетимиштей киши чогулганын, учурда баары тарап кеткенин "Азаттыкка" Таш-Мойнок айыл өкмөт башчысы Нурбек Акибаев билдирди.

Беш-Күңгөйдө 42 жылдан бери жашап келаткан тургун, арачы Сайракан Жунушованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, былтыр айылдагы 6 гектар жер 98 кишиге 6 соткадан бөлүнүп берилген.

"Бирок жер алгандардын арасында бир үй-бүлөнүн 5-6 мүчөсү бар, негизинен тизмеге айыл өкмөт башчысынын, жер бөлүштүргөн комиссиянын жакындары кирген жана ошол комиссия өзү мыйзамсыз түзүлгөн" - дейт Жунушова.

Айыл өкмөт башчысы Акибаевдин айтымында, ал бул кызматка былтыр сентябр айында киришкен. Жер ага чейинки акимдин тушунда, августта бөлүштүрүлгөн. Нааразы тараптын доо арызы сотто каралууда.

"Баары мыйзам чегинде, сот аркылуу чечилиши керек. Бүгүн нааразылык акциясы өткөн жерге бөлүштүрүлгөн жер ээлери жана ал участоктор кайра бөлүштүрүлсүн дегендер катышты", - дейт Акибаев. (RK)

XS
SM
MD
LG