Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Франция: 7 кишини өлтүргөн деп шектелген кармалбай жатат


Тулуз шаарында жети адамды атып өлтүргөн деп шектелип жактан Мохаммед Мерди полиция эки күндөн бери колго түшүрө албай, үйүн курчап турат. Бир нече саат мурда анын короосунда жардыруу болду, ок атылган үндөр угулуп жатат. Полиция анын кошуналарын үйлөрүнөн чыгарып кетишти, газ жана электрэнергия токтотулду. Полиция Мохаммед Мерге психологиялык басым көрсөтүүгө аракет жасап жатат. "Ал-Каида" менен байланышы бар делген Мохаммед буга чейин эки жолу Ооганстанда болгон, Пакиcтандын Вазирстан провинциясындагы жоочулардын базасында машыгуудан да өтүп келгенин Париж прокурору маалымдады. Мохаммед майда кылмыштар үчүн Францияда он беш жолу соттолгон экен.

Ал Тулуздагы жөөттөр мектебинде окуучуларды атып салган, андан мурун аскер кызматкерин, жалпысы жети адамды өлтүргөн деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG