Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Пан Ги Мун: Сирияга тез арада гуманитардык коридор ачуу керек


Сирия бийлигинин куралдуу күчтөрү бүгүн оппозициячыл күчтөр жайгашкан Хама шаарын дагы аткылашты, набыт болгондор саны азырынча белгисиз болууда. Оппозиция активисттери Хамага 70 танк алынып келингенин, кечээки аткылоодон 17 киши набыт болгонун айтышууда. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун “Сириядагы согуштук аймактардын жашоочуларына тез арада гуманитардык коридор ачуу керек” деп бүгүн билдирүү жасады. Пан Ги Мун БУУнун коопсуздук кеңешинин буга чейин кабыл алынган чечими Сириядагы кризисти жөнгө салаарына үмүтү бар экенин кошумчалады. Билдирүүдө БУУнун жана Араб өлкөлөрүнүн атайын чабарманы Кофи Аннан Сирия бийлиги менен оппозициясына маселени тынчтык жолу менен чечүүнү сунуштаганы айтылат.

XS
SM
MD
LG