Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Москва мэриясы оппозициянын митингине уруксат берди


“Таза шайлоо үчүн” кыймылы ушул 24-март күнү Пушкин аянтында акцияга чыгат. Бирок Москва шаар бийлиги менен 50 гана адам акцияга катышат деп макулдашылды. Буга чейин “Солчул фронт” кыймылынын лидери Сергей Удальцов оппозиция ишемби күнү маалымат жыйынын өткөрүп, 6-майда өтчү “Миллиондор маршына” даярдык тууралуу журналисттер менен бөлүшөөрүн айткан эле. Маалымат жыйынына Евгения Чирикова, Алексей Навальный, Борис Немцов, Геннадий Гудков жана башка жарандык активисттер катышат. Орус оппозициясы президенттик шайлоону тааныбай турганын билдирип келишет, бирок Европарламент жакында эле Орусиядагы шайлоону таза эмес өттү деп сындап, бирок оппозициянын да бирдиктүү программасы жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG