Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Франция: Мохаммед Мерах өлтүрүлгөнүн министр тастыктады


Франциянын ички иштер министри Клод Геан террорист Мохаммед Мерах полицияга ок жаадырып, терезесинен секирген учурда окко учканын тастыктады. Маалыматтарга караганда, операция учурунда коопсуздук күчтөрүнүн үч кызматкери жарадар болду, бирөөнүн абалы оор.

23 жаштагы Франциянын жараны Мохаммед Мерах буга чейин эки жолу Ооганстанда болгон, Пакистандагы жоочулардын базасында машыгуудан да өтүп келген. Ал үч жөөт окуучуну, үч аскер кызматкерин жана дагы бир жаранды атып салган деп шектелип жаткан. Мохаммедди бийликтер тирүү колго түшүрөйүн деген ниети бар экенин мурда билдиришкен болчу. Мындан эки күн мурун Тулузда атылган окуучулардын сөөгү кечээ Израилде жерге берилди.

XS
SM
MD
LG