Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Бишкекке Орусиянын энергетиктер делегациясы келет


Келерки аптада Орусиянын ири энергия компаниялары менен Энергетика министрлигинин өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Игор Сечин кечээ кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен телефондук сүйлөшүүсүндө билдирди. Орусиялык делегация эки өлкөнүн суу-энергетика жана мунай-газ багытындагы кызматташуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, телефондук сүйлөшүү орус тараптын демилгеси боюнча өттү.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын 75 пайыз үлүшү Орусияга берилээрин буга чейин бир нече ирээт билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG