Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Эмгек кодекси бүгүн да талкууга алынат


Бүгүн Эмгек кодексинин коомдук талкууга коюлган жаңы редакциясына нааразы болгон кесиптик кошуундар федерациясы менен Экономика жана монополияга каршы министрликтин жетекчилиги жолугушат. Бул тууралуу Кесиптик кошуундар федерациясы билдирүүдө. Алар Эмгек кодекси боюнча кайчы пикирлерди чогуу отуруп талкуулоону көздөшүүдө. Буга чейин кесиптик кошуундар 23-мартта тынчтык митинг өткөрөбүз деп билдиришкен эле.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги тарабынан Жаштар, эмгек жана элди жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин катышуусунда даярдалган Эмгек кодексинин жаңы редакциясы Кыргызстанда иш берүүчүлөргө көбүрөөк укук берүүнү көздөйт. Кесиптик кошуундар жаңы долбоор жумушчулардын укугун чектейт деп билдирүүдө. Жаңы кодекс учурда коомдук талкууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG