Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Нью-Йоркто чет жердеги кыргыздардын алгачкы форуму өтөт


Бүгүн, 23-мартта Нью-Йоркто чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын бүткүл дүйнөлүк биринчи форуму башталат. Форумдун уюштуруучусу “Кыргыз клаб” бирикмесинин жетекчиси Айбек Хакимовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, иш-чарага Араб Эмираттары, Канада, Орусия өңдүү дүйнөнүн он чакты өлкөсүнөн 30дай кыргызстандык жана 20дан ашык АКШдагы кыргыз жараны катышат. Форумда чет жердеги кыргыздарга жана Кыргызстанга тиешелүү маданий, экономикалык жана саясий маселелер талкууга алынат. Ошондой эле чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын бизнес багытындагы кызматташуу мүмкүнчүлүгү талкууга алынат. Форумду алгач АКШда негизделип, андан кийин дүйнөнүн бир нече өлкөсүнө тарап жаткан, кыргыз жарандарынын башын бириктирген “Кыргыз клаб” бирикмеси уюштурууда. Иш-чара 25-мартка чейин созулат. (KKs)

XS
SM
MD
LG