Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

Түркия Евро-2020нын конок ээси болгусу келет


Режеп Эрдоган УЕФАнын жыйынында сүйлөөдө. Стамбул, 22-март, 2012-жыл.
Режеп Эрдоган УЕФАнын жыйынында сүйлөөдө. Стамбул, 22-март, 2012-жыл.
Бул тууралуу түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Ал Европанын 53 өлкө мүчө футбол федерациясы – УЕФАнын Стамбулдагы жыйынында белгилегендей, Түркия бул мөөнөткө инфраструктура жагынан жетише алат жана өлкө футболдун жаш ышкыбоздоруна бай.

УЕФА 2020-жылдагы чемпионаттын конок ээси болууга талапкерлерди тандоо жараянын келерки аптада расмий баштайт.

Түркия 2016-жылкы чемпионатты да тосууга умтулуп, бирок Францияга уттуруп койгон.

УЕФА Европанын футбол чемпионатын ар төрт жылда бир өткөрөт. Быйылкысы Польша менен Украинада болот. (UE)

XS
SM
MD
LG