Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Суу жаңжалдарга себепчи болушу мүмкүн


Хиллари Клинтон Дүйнөлүк суу күнүндө сүйлөөдө. Вашингтон, 22-март, 2012-жыл.
Хиллари Клинтон Дүйнөлүк суу күнүндө сүйлөөдө. Вашингтон, 22-март, 2012-жыл.
Мындай камтамачылык АКШнын жаңы баяндамасында айтылат. Чалгын кызматтарынын суу коопсуздугу боюнча жашыруун анализдерине негизделген баяндама кечээ Дүйнөлүк суу күнүнүн белгиленишине тушташ жарыяланды. АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон буларга токтолду:

- Менимче, чалгын жамаатынын тыянактары ойлондурарын айтуу адилеттик болот. Дүйнө калкынын саны көбөйүп жаткандыктан, сууга болгон муктаждык да өсөт. Бирок биздин таза суу боюнча корубуз муну менен шайкеш келбейт.

АКШнын баяндамасына караганда, суу менен байланышкан мамлекет аралык жаңжалдардын жакынкы он жылдыкта чыгышы арсар, бирок бул ыктымалдуулук 2022-жылдан кийин күчөйт.

Суу боюнча олутттуу көйгөйлөргө кабылуучу аймактар катары Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия аталган. Бул чөлкөмдөрдө калк саны тез өсүүдө, ага катар климаттагы өзгөрүүлөрдөн улам суу ташкын, кургакчылык каптаган учурлар көбөйүп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратууда.

Баяндамада азыр суу боюнча жалпы ресурстарына байланышкан маселелерди чечүүдө сүйлөшүүлөргө таянган өлкөлөр келечекте тынчтык чараларына азыраак ыктайт деген да эскертүү айтылган. (UE)

XS
SM
MD
LG