Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Франциядагы тиреш кылмышка шектүүнүн өлүмү менен аяктады


Франциянын улуттук Франс-2 телеканалы обого чыгарган видео тасмада Мохамед Мерах деп мына ушул жигит аталган.
Франциянын улуттук Франс-2 телеканалы обого чыгарган видео тасмада Мохамед Мерах деп мына ушул жигит аталган.
Бейшембидеги окуядан кийинки кыска кайрылуусунда француз президенти Николя Саркози калкты биримдикке чакырды:

- Бүгүн француздар өз ачуусун жеңип, кыжырдануудан карманышы керек. Биздин мусулман мекендештерибиздин террорчунун акылга сыйбаган жүйөлөрүнө эч байланышы жок.

Француз ички иштер министри Клод Геандын айтымында, Мохамед Мерах Тулуз шаарында бекинген батиринен полицияга ок ачып, айнектен секирген учурунда жок кылынды.

Ага чейин Мерах жашырынган жерди полиция отуз эки саат бою акмалап, кылмышка шектүүнү тирүүлөй колго түшүрүү аракетин көргөн эле.

Жыйырма төрт жаштагы жана теги боюна алжирлик Мохамед Мерах Франциянын түштүк-батышынан жети адамды, анын ичинде жөөт мектебинин үч окуучусун, бир мугалимин, Франциянын теги француз эмес үч аскерин аттып кетти деп шектелген.

Полициянын айтымында, Мерах сүйлөшүүлөр учурунда бул кылмыштарын моюнга алган.

Маалыматтарга караганда, ал “ал-Каида” террордук түйүнү менен байланышта турган. Францияда 1996-жылдан бери исламчылар тарабынан кандайдыр бир терракт жасала элек болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG