Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Саясаттагы лидер аялдар үчүн семинар башталды


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын саясат тармагындагы активдүү лидер аялдар үчүн семинар башталды. Аны уюштургандар - "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борбору жана “Women’s Learning Partnership” аялдар коалициясы. Жыйынды уюштуруучусу Гүлбарчын Жумабаеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, тренингге кыргыз аялдар менен катар коңшу Казакстандан да келген аялдар, жалпысы 35 киши катышууда. Кийин алар жер-жерлерге барып, алган билимин башка активисттерге таратышат. (RK)

XS
SM
MD
LG