Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

АКШнын оогандарды аткан жоокерине расмий айып коюлат


Сержант Бейлс (солдо) Калифорниядагы машыгуу борборунда. 23-август, 2011-жыл.
Сержант Бейлс (солдо) Калифорниядагы машыгуу борборунда. 23-август, 2011-жыл.
Батыш маалымат агенттиктери америкалык расмий өкүлгө шилтеме жасап кабарлагандай, АКШ армиясынын сержанты Роберт Бейлске 17 адамды өлтүргөнү боюнча айып тагылган жатат.

Тергөөнүн маалыматары боюнча ал тогуз баланы, сегиз чоң кишини атып салган. Аскерге 17 пункт боюнча тагылуучу айыптын алты пункту күнөөнү оордотуучу кырдаалды камтыйт.

Быйыл 11-мартта Ооганстандын Кандагар провинциясындагы эки кыштакта болгон бул окуя АКШ баштаган эл аралык күчтөр менен оогандардын мамилесин начарлатты.

Жоокердин адвокаты ал окуя кандайча болгонун эстей албасын айткандыгын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG