Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:55

Жапония Түндүк Кореянын ракета учуруусун утурлай чара көрүүдө


Түндүк Кореянын буга чейинки ракета учурууларынын бири. 5-апрель, 2009-жыл.
Түндүк Кореянын буга чейинки ракета учурууларынын бири. 5-апрель, 2009-жыл.
Өлкөнүн коргоо министри Наоки Танака бүгүн ракетадан коргонуу системасын жайгаштырууга буйрук берди.

Министрдин айтымында, Түндүк Кореянын ракетасы багытынан тайып кеткен учур үчүн америкалык өндүрүштөгү Patriot ракета комплекси Жапониянын түштүгүндөгү Окинава аралында жана Aegis-3 аскерий кемелеринин бортунда жайгаштырылат.

Түндүк Корея ракетасын келерки айда учурары күтүлүүдө. Пхеньяндын ырастоосунда, ал Орбитага спутникти алып чыгат. Ракета Жапониядан ашып өтүп кетиши да мүмкүн.

Ракетадан коргонуу системасын жайгаштырууну Жапониянын Коргоо министрлигинен Окинава аралынын жетекчилери суранышкан. (UE)
XS
SM
MD
LG