Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Кыргыз депутаттары америкалык учактарга абадан май куйганды көрүштү


C-17 Globemaster III, 2011-жылдын 18-декабры
C-17 Globemaster III, 2011-жылдын 18-декабры
Кыргызстан парламентинин жети депутаты 21-март күнү Бишкектин четиндеги АКШнын "Манас" Транзиттик жүк ташуу борборунда болуп, аскерлердин иштөө шарттары менен таанышышты. Аталган борбордон кабарлашкандай, депутаттарга учакка абадан май коюу кандайча жүргүзүлөөрүн көрсөтүштү.

KC-135 учагы менен 8 чакырым өйдө көтөрүлгөндө андан Ооганстандан үйүнө жөнөп бараткан аскерлерди ташыган C-17 Globemaster III учагына абадан май куюлду. "Эки учактын ушунчалык жакын учканын көргөн кыргыз депутаттары таң калганын жашырбаганы" айтылууда.

376-экспедициялык канаттын жетекчиси Брайан Ньюберринин айтымында, абадан май куюу - бул өзүнчө искусствонун түрү болуп калды.

"Соңку 50 жылда АКШ бул жаатта чон жетишкендиктерге ээ боло алды. Мен буга сыймыктанам", - дейт Ньюберри.

Ай сайын "Манас" Транзит жүк ташуу борбору аркылуу Ооганстанга каттаган 25 миңдей аскер өтөт. Борбор Ооганстанда антитеррордук операцияга катышып жаткан учактарга абадан май куюунун 30 пайызын камсыз кылат. (RK)

XS
SM
MD
LG