Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Атамбаев: Алдыбызда дагы сыноолор бар


"Бизди алдыда дагы бир топ сыноо күтүп турат", - деди мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн март ыңкылабынын жети жылдыгына карата кыргыз элине жолдогон кайрылуусунда.

"Биз коррупцияны, улутчулдукту, жердешчиликти жана манкүртчүлүктү жеңишибиз керек. Кыйынчылыктарга моюн бербестен биз максат кылган жолубуздан эч убакта тайбайбыз", - деди президент.

Алмазбек Атамбаевдин пикиринде, март революциясынын үзүрүн эл көрө алган жок, экинчи президенттин тушунда үй-бүлөлүк башкаруу күчөп, криминал мүнөзгө ээ болду.

2005-жылдын 24-мартында Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга каршы чыккан элдик толкундоо бийликтин алмашышын шарттаган. Өлкөнү жетектеп тураган Аскар Акаев качып чыгууга мажбур болгон. 24-мартты Кыргызстанда Элдик революциянын күнү деп жарыялоо чечимин парламент 2008-жылдын 13-мартында кабыл алган. (RK)

XS
SM
MD
LG