Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Бүгүн – Элдик ыңкылап күнү


24-март – Элдик ыңкылап күнү. Мындан туура жети жыл мурда 24-мартта мурдагы президент Аскар Акаевдин башкаруусуна нааразы болгон миңдеген демонстранттар өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, милицияны четке сүрүп таштап, Ак үйгө кирип барган. Натыйжада президент үй-бүлөсү менен Кыргызстандан качып чыгууга аргасыз болгон. Ак үйдүн жетинчи кабатынан кагаздар менен буюм-тайым, компьютерлер ыргытылган. Түнү менен шаардагы дүкөндөр таланып-тонолуп, шаар таанылгыс абалга келген.

Ошол кездеги оппозиция макулдашылган талапкер катары Курманбек Бакиевди президенттикке сүрөп, ал президенттикке келгенден бир жыл өтпөй кайрадан бийликти бир колго топтоосу байкалган. Буга нааразы болгон ошол кездеги парламент депутаттары 24-мартты майрам катары белгилөө сунушун кабыл алган эмес. Бирок 2007-жылы К.Бакиев парламентти таратып, жаңы шайланган парламентке өзү түзгөн “Ак жол” партиясын алып келген.

2008-жылы “Ак жол” партиясы бул күндү майрам катары белгилөө сунушун колдоп берген.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш март ыңкылабын майрам катары белгилебей койсо да боло турганын айтышып, бирок расмий чечим кабыл алынган эмес. Кечээ, 23-мартта Жаштар, эмгек жана жумуштуулук министрлиги 24-март календарда кызыл бойдон кала турганын кабарлады. Тарыхый окуяга байланыштуу президент Алмазбек Атамбев калкка кайрылып, алдыда дагы бир топ сыноолор күтүп турганын айткан. Ошондой эле "Биз коррупцияны, улутчулдукту, жердешчиликти жана маңкуртчулукту жеңишибиз керек. Кыйынчылыктарга моюн бербестен биз максат кылган жолубуздан эч убакта тайбайбыз”- деп белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG