ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:26

Аравандыктар чек араны эртерек тактап берүүнү өтүнүштү

Мындай өтүнүчтү Ош облусунун Өзбекстан менен чектеш Араван районунун тургундары 23-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушууда билдиришти. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, аравандыктар ооруканаларда тез жардам унааларынын жетишпегендигин, бардык мекемелерде жаш кадрлардын жоктугун айтышты. Ошондой эле жолугушууда азык-түлүккө болгон баалардын күн сайын жогорулоосу тынчсыздандырып жатканын, коңшу Өзбекстандан кыргызстандыктарга турмушка чыгып, үй-бүлө кургандарга жана алардын балдарына өздүгүн тастыктоочу документтерди алуу маселеси кыйын болуп жатканы белгиленди.

Өз кезегинде Жээнбеков тургундар көтөргөн маселелер өкмөттүн деңгээлинде каралаарын айтты. (КЕ)
​
XS
SM
MD
LG