Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

25-мартка карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү

24-26-марттагы жааган жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы

25-мартта Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жаайт. Тоолуу жерлерде жана тоо этектеринде жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 9...15, Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13 жылуу, Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 9..14 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 9...14 жылуу, Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз 2...7 градус жылуу, Нарында түнкүсүн -7...-12, күндүз 0..-5, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -17..-22, күндүз -6...-11, Тоолордо түнкүсүн -13...-18, ал эми күндүз -3..-8 болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0...2 градус жылуу, күндүз 12...14 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG