Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Чычкандын кире беришиндеги жүргүнчүлөргө тамак-аш жеткирилди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Жалал-Абаддын Токтогул районунда Бишкек - Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында турган жүргүнчүлөргө 24-мартта кечки 8де кургак азык, 200 нан, 200 литр суу, 400 даана балык консервасы жеткирилди.

23-мартта Чычкандын кире беришинде топтолгон жүргүнчүлөрдүн бири аларга тамак-аш берилбегенин, жардамга муктаж экенин “Азаттыкка” билдирген болчу.

Ушул тапта өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирген унаа жолу ачыла элек. Кар көчкү жүрүү коркунучунан улам аталган жол 20-марттан бери жабык турат. Учурда Ош – Бишкек жолунда 400гө чукул жеңил жана жүк ташуучу унаа токтоп турат. Маалыматка ылайык, карды аткылап түшүрүү иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG