Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Канат Сыдыков бильярд мелдешинде үчүнчү орунду ээледи


Бүгүн Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосунда бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалы өтүүдө. Анда орусиялык Юрий Пащинский менен Александр Чепиков финалга чыгышты. Ал эми кыргызстандык 23 жаштагы Канат Сыдыков үчүнчү орунга ээ болду. Ал дүйнөнүн эки жолку чемпиону Юрий Пащинский менен беттешип, 5:6 эсебинде утулуп калды.

Бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Ал 22-мартта башталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG