Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

АКШ президенти Барак Обама Кореяда


АКШ президенти Барак Обама эки Кореяны бөлгөн демилитаризациялык тилкеге барды. Ал Түштүк жана Түндүк Кореянын чек арасындагы америкалык аскерлер менен жолугушту. АКШ президенти бүгүн Сеулда сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

Эртең Түштүк Кореянын баш калаасында атомдук терроризмдин ыктымал коркунучуна каршы күрөшүүгө арналган саммит башталууда. Эки күндүк жыйынга 50дөн ашык өлкөлөрдүн лидерлери катышат деп күтүлүүдө.

Обаманын сапары алдында Пхеньян узун аралыкка учуучу баллистикалык ракета учуруу ниетин шардана кылган. Вашингтон мындай кадам Түндүк Кореяга азык-түлүк жагынан жардам берүү планын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деп эскертти.

XS
SM
MD
LG