Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Хьюман Райтс Уотч Сирия өкмөтүн айыптады


Хьюман Райтс Уотч эл аралык уюму Сирия өкмөтүн аскердик операцияларда карапайым элди калканч катары колдонгондугу үчүн айыптады. Уюмдун ырастоосунда, армия жана өкмөтчүл куралчан топтор Идлиб шаарында оппозициянын колундагы чөлкөмдөргө жакындаганда жайкын тургундарды күчтөп алдыга салган.

Хьюман Райтс Уотчтун изилдөөчүсү Оле Солванг жасаган билдирүүдө калкты калкан катары колдонуу менен Сирия армиясы алардын коопсуздугуна кайдыгер экенин көрсөттү делинет.

БУУнун болжолдуу санактарына ылайык, бир жылдан бери уланып келаткан көтөрүлүштү басуу учурунда Сирияда 8 миңден ашуун киши набыт кетти.

XS
SM
MD
LG