Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Түштүк Осетия президентти шайлап жатат


Грузиянын сепаратисттик Түштүк Осетия жумуриятында президентти шайлап жатышат. Өзүн эгемен деп бир тараптуу жарыялаган жумурияттын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 45 пайызы добуш бергенин билдирди.

Орусиялык байкоочулар олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун айтышууда.

Түштүк Осетиянын айрым жарандары өнөктүктү бойкоттошууда. Алардын көбү - оппозиция лидери, ноябрдагы шайлоодо жеңген Алла Джиоеванын тарапкерлери. Ал жолку добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган болчу. Бул ирет Джиоева талапкерлигин койгон эмес. Февралда анын шайлоо штабына тартип коргоо органдары чабуул коюшкан. Джиоева "Азаттыктын" Орус кызматына шайлоонун объективдүүлүгүнө ишенбей турганын айтты.

XS
SM
MD
LG