Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Талиптер парламент имаратына чабуул жасашы мүмкүн


"Талибан" кыймылы пакистандык депутаттар НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнө жүк ташыган жолду кайра ачып берүүгө макул болушса, аларга жана жакындарына чара көрүлөт деп эскертишти.

Пакистандагы талиптердин маалымат катчысы Ахсанулла Ахсан согушкерлер парламент имаратына чабуул жасашы мүмкүн деди. Ахсан НАТОнун жүктөрүн ташыган айдоочуларды “эл алдында өлтүрөбүз” деп эскертти.

Ноябрда Түндүк альянстын аба соккусунан пакистандык 24 жоокер мерт болгондон кийин Пакистан Ооганстан менен чек арасын НАТО үчүн жаап салган. Пакистан парламенти эртеңки жыйында АКШ менен мамилелерди кайра карайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG