Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы жыйналат


Ассамблеянын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына арналган жыйын бүгүн Казакстандын Алматы шаарында башталат. Ага Жогорку Кеңештин төргагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттык делегация катышмакчы. Ассамблеянын ардактуу коногу катары Кыргызстандын Ирандагы элчиси Медеткан Шеримкулов чакырылган. Кыргыз спикери сапар маалында Тажикстан, Азербайжан, Казакстан Мажлис төрагалары менен жолугушат. Мындан сырткары Украинынын Жогорку радасынын төрагасы, Молдова Парламент жетекчиси жана башкалар менен эки тараптуу жолугушуу болот. Жыйын 26-27-март күндөрү өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG