Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Бүгүн Түштүк Кореяда атомдук коопсуздук боюнча дүйнөлүк саммит ачылат


Эки күндүк саммитке АКШнын президенти Барак Обама, Орусиянын мамлекет башчысы Дмитрий Медведев, Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун менен бирге дүйнө боюнча 50 жакын лидер катышаары күтүлүүдө.

Жыйында атомдук курал террористтердин колуна өтүп кетпеши үчүн кантип коргонуу керектиги талкууланат. Иран менен Түндүк Кореянын талаштуу өзөктүк программалары боюнча да саммиттин бейрасмий жолугушууларында сөз болоору кыйытылды.

Мунун алдынан расмий Пхеньян 15-апрелде узак аралыкка жетчү баллистикалык ракетасын учуруу ниетин билдирген. Обама болсо муну “коркутуу”, “провокация” деп атап, аны менен Пхеньян эч нерсеге жетпейт деди.

"Буга чейин ондогон жылдар бою алар провокациялык иштери менен коркутуп, андай аракеттерге барбашы үчүн башкалардан сураныч иретинде пара алып келишкен, - деди Обама. - Мындан ары алардын натуура аракеттерин эч ким колдобой турганын өздөрү түшүнүшү керек".

XS
SM
MD
LG