Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Иран, Пакистан, Ооганстандын президенттери Тажикстанда чогулушту


Ооганстандын, Ирандын, Тажикстандын жана Пакистандын президенттери Дүйшөмбүдө, 25-март, 2012
Ооганстандын, Ирандын, Тажикстандын жана Пакистандын президенттери Дүйшөмбүдө, 25-март, 2012
Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад кечээ Дүйшөмбүдө сүйлөп жатып, регионалдык лидерлерди “агрессияга” каршы биригүүгө чакырды. Ахмединежад бул тууралуу кечээ Нооруз майрамына арналган жыйында сүйлөгөндө айтты. Мааракеге 15 миңдей адам катышкан.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен Ооганстандын мамлекет башчысы Хамид Карзайдын билдирүүлөрүндө АКШга же ооган жериндеги чет-өлкөлүк аскерлерге карата тикелей эч нерсе айтылган жок.

Ооганстандагы жана региондогу коопсуздукту талкуулаган эки күндүк бул саммит быйыл бешинчи жолу өтүп жатат. Анда былтыр Стамбулдагы жыйында талкууланган экономикалык кызматташтык боюнча максаттардын ишке ашырылышы да каралмакчы.

Конференция Эл аралык кризис тобу ооган өкмөтү талиптер менен элдешүүгө жасап жаткан аракети тынчтыкка алып келбейт деп божомол жасаган докладын жарыялаган учурга туш келди. Брюсселдеги бул уюмдун ишениминде, Талибанга жеңилдик берген кандай гана чечим болбосун, ал нааразылыктарды жаратат.

XS
SM
MD
LG