Кечээ Москвада Бириккен улуттар уюмунун жана Арап лигасынын Сирия боюнча атайын өкүлү Кофи Аннан менен жолугушууда орус президенти Дмитрий Медведев: “Аннандын аракети Сирия үчүн узакка созулчу граждандык согуштан качуунун акыркы жолу болушу мүмкүн”, - деди.
Анда президент Орусия Аннандын миссиясын толук колдой тургандыгына да ишендирди. Кофи Аннан кан төгүүлөрдү токтотуш үчүн өзүнүн аракеттерине дал ушул колдоону сурап барган болчу.
Улуттар уюмунун мурдагы баш-катчысы Москвадан кийин бүгүн Бейжинге да барат. БУУнун эсебинде Сирияда бир жылдан берки кан төгүүлөрдө 8 миңден ашуун адам өлдү.