Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Он беш вагон уу көмүр кайра Казакстанга жөнөтүлдү


Бүгүн таңга жуук жана кечээ Бишкектен жалпысынан он беш вагон радиоактивдүү көмүр (343,580 тонна жана 684,295 тонна) Казакстанга кайтарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Бүгүнкү күндө жалпы 80 вагон (5449,185 тонна) көмүр Казакстанга кайра кайтарылды.

Былтыр Казакстандын Кулан кенинен Бишкекке жана Чүйгө сатылып келген көмүрдүн радиациясы ченден бир топ жогору экени аныкталган. Быйыл февралда уу көмүрдү кайра казак тарапка ташып кетүү иши башталган. Бул иш марттын башында эле аяктайт деп “Электр станциялар” ишканасы билдирген болчу. Уу көмүрдүн Кыргызстанга өтүшү боюнча кылмыш иши козголуп, темир жол жана бажынын төрт кызматкери соттолууда. Айып энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге да тагылды. (RK)

XS
SM
MD
LG